• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жигит эки Honda Fit унаасын уурдоого шектелип кармалды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Милиция кызматкерлери унааларды уурдоого шектүүнү кармагынын Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Т.А. аттуу шаар тургуну 21-апрелде түнкү саат 3-5тер чамасында Honda Fit унаасын белгисиз бирөө айдап кеткенин билдирип, милицияга кайрылган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүмү (“Автотранспорт каражатын уурдоо”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 22 жаштагы М.Б. аттуу жигит кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Жогорудагы унаа Т.А. аттуу ээсине өткөрүлүп берилген.

Шектүүнүн үйүн тинтүүдө дагы бир Honda Fit унаасы табылган. Ал дагы ээсине кайтарылды. Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий