• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкент 24-марттан тарта шаардык каттоосу жок кишилерди киргизбейт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-марттан тарта транспорттордун бардык түрү үчүн Ташкентке кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Бул талап авиация жана темир жол каттамдарына да тиешелүү. Чечимди дүйшөмбүдө Коронавирус менен күрөшүү боюнча атайын комиссия кабыл алды.

Бул арада жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө жок. Ташкентке шаарда туруктуу каттоодо турган кишилер гана киргизилет.

Расмий маалыматка караганда, мындай чара COVID-19 вирусунун жайылышына каршы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий