• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте антитеррордук рейдден кийин араб тили борбору жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Ташкенттеги "Хикматли билим" тил үйрөтүү борбору Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги жүргүзгөн рейддерден кийин жабылды.

Араб тили мугалими Дильфуза Каримованын айтымында, борборду жабуу – рейд учурунда табылган Куран китеби менен байланыштуу. “Алар мен сабак берген бөлмөдөн Куран китебин таап алышып, диний билим берүүгө болбой турганын айтышты. Мен араб тилин гана окутам, бул борбордо тил гана үйрөтөм”, – деди ал.

ИИМдин Алмазар райондук башкармалыгынын терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери борбордо лицензияда каралбаган ишмердүүлүк менен алектенишкенин билдирди.

"Хикматли билим" тил борборунун мурунку аты “Умар Мирзо” болгон. Ал жакта үч айда эки жолу антитеррордук рейд жүргөндөн кийин борбор ишин токтотуп, марттан кийин анын ордуна "Хикматли билим" тил борбору ачылган.

Өзбекстанда дин мамлекеттен тышкары турат. Диний окуу жайлары атайын лицензиянын негизинде гана иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий