• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 295 учур катталды. Жалпы 9199

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 9 миң 199 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 295 учур катталган. Ал эми 187 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Өлкөдө 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Чечимге ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн кийим-кече саткан ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик аймактардагы коомдук жайларда эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилген.

Учурда өлкөдө 9 миң 199 адам илдет жуктурса, анын 6 миң 34ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 27 бейтап каза болду. 3 миң 138 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 16сынын абалы оор болсо, сегизинин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий