• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажик ишкерлери кирешелеринин 20% салык кызматынан жашырышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Тажик ишкерлери жылдык кирешелеринин бештен бир бөлүгүн же 20% жашырып, салык төлөшпөйт. Мындай жыйынтыктар Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) иликтөөсүнөн кийин чыгарылды.

Баяндаманын авторлору ишкерлер салык базасын кыскартуу жолдорун издешерин белгилешет. Эң кеңири колдонулган ыкмалардын бири – документте жумушчулардын айлык акысын аз көрсөтүү. Көптөгөн уюмдар маяналарды “конверт” менен беришет.

Экинчиден, аз салык төлөө үчүн ишкерлер отчетторунда чыныгы киришелеринин суммасын жашырып коюшат.

Өз кезегинде тажик ишкерлери дайыма текшерүүлөр болорун, айыппул төлөп турушарын айтып даттанышууда. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы 28 миңден ашуун жеке ишкер ишмердүүлүгүн токтоткон.

IFC иликтөөчүлөрү өлкөдөгү оор экономикалык кырдаал ишкерлерди салык төлөөдөн качууга мажбурлап жатканын белгилешет. Сурамжылоого катышкандардын 31% салык кызматкерлери менен “сүйлөшүп” мамлекетке аз акча төгүшөрүн билдиришкен.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий