• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстан жаңжал учурунда тажик жарандары уурдап кеткен 2 унааны кайтарды – УКМК

Коом 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Тажикстан чек арадагы куралдуу кагылышууу учурунда тажик жарандары тарабынан уурдалып кеткен 2 унааны Кыргызстанга кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

“2021-жылы 4-майда тажик тарап “Кулунду – унаа жолу” өткөрүү бекети аркылуу Hyundai жана Жигули маркасындагы 2 унааны кайтарып берди, алар Тажикстандын жарандары тарабынан Кыргызстандан уурдалып кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилегендей, бүгүн КР УКМК башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, КР УКМК Чек ара кызматынын директору, полковник У.Шаршеев жана КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник К.Төлөнбаев аскердик аракеттердин жүрүшүндө жабыркаган чек ара иамараттарын кыдырып, текшерип жүрүшөт.

КР УКМК Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл линиясында көзөмөл жүргүзүшүүдө.

“5-май саат 10:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда. Чек арачылар күчөтүлгөн режимде ишин улантууда”, - деп билдирет Чек ара кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий