• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Талкууланган маселелер

Саясат 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 26-январда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулап, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун сүйлөшүүлөрүн мындан ары активдештирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Белгилей кетсек, ушундай эле жолугушуу 2023-жылдын 12-январында Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий