• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте дзюдо боюнча республика чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында республика чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.

Мелдеш “Газпром-балдарга ден соолукту” чыңдоо борборунда 27-28-январь күндөрү өтөт. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • кыз-келиндер арасында — 48, 52, 57, 63, 70, 78, +78 кг,
  • эркектер арасында — 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100.

Пикир

Оставить комментарий