• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда жети жаштагы кызды зордуктаган өспүрүмдөр соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Тажикстандын Гиссар шаардык соту жети жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки өспүрүмдү жети жылдан эрктеринен ажыратты. Азырынча өкүм күчүнө кире элек жана айыпталуучу тарап ал боюнча жогорку баскычка даттанса болот.

Жети жаштагы кыз быйыл июнда Гассар районундагы Кончи айылында эки өспүрүм тарабынан зордукталган.

«Сотто өспүрүмдөр күнөөлөрүн мойундарына алып, өкүнүп жаткандыктарын айтышты. Сот алардын курагын эске алуу менен чечим чыгарды», — деп билдиришти соттон. Кончи айылынын 14 жана 15 жаштагы тургундарына «Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү» беренеси менен айып тагылган.

Өспүрүмдөрдүн биринин апасы соттун чечимине макул эмес экенин жана өкүм боюнча даттана турганын билдирди.

Айыпталуучулар кыздын ата-энеси укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандан он күн өткөндөн кийин суракка алынган. Алар 8-июнда кошуна балдар кызды үйүнө алдап чакырып, зордуктап салышканын айтышууда.

«Кызды зордуктагандан кийин ал моюнуна бычак такап, бул тууралуу башкаларга айтсаң өлтүрүп салам деп коркуткан. Ошондуктан алгачкы күндөрү кыз бул жөнүндө эч кимге айткан эмес», - деп билдиришти алар.

Кыздын чоң энесинин айтымында, кыз эртеси ичи катуу ооруп атканын айткан. Үйдөгүлөр такып сурай баштаганда ал коңшу бала кол салганын билдирген. Бул боюнча өткөрүлгөн медициналык экспертиза зордуктоо фактысын аныктаган.

Тажикстанда өспүрүмдөр 16 жаштан тарта кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бирок адам өлтүрүү, зордуктоо же уурулукка күнөөлүү деп табылса, 14 жаштагылар дагы соттолот.

Пикир

Оставить комментарий