• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткенге жалпы 209 тонна гумжардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда саат 11:00гө карата Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 209 тоннна гумжардам жеткирилип, анын 153 тоннасы жерине таркатылууда.

КР министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда - 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 17, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында -1, Бишкек шаарында – 1 пункт ачылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5 миң 301 тургуну коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий