• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө 1,3 млрд сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 27.10.22./Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган Баткен жана Ош облустарында калыбына келтирүү иштерине 1,3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул каражат КР президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №313 "Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында "Капиталдык салымдар" беренесине ылайык бөлүндү.

"Анын ичинен 1 млрд сому жашоочулардын турак жайларын калыбына келтирүүгө жана 300 млн сом жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого каралган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий