• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров БУУ тутумунун Кыргызстандагы координатору Антье Гравени кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы БУУ тутумунун туруктуу координаторун жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен БУУ агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгиледи.

Акылбек Жапаров учурда кыргыз тарап тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын, ага байланыштуу 2022-жыл «Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы» катары жарыяланганын баса белгиледи.

Өз кезегинде БУУ тутумунун туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстандын уюмга мүчө болушунун 30 жылдыгы менен куттуктап, бул маанилүү датаны эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн символу катары белгиледи.

Антье Граве кыргыз тарапты Кыргызстандагы БУУ тутумунун кызматташтыктын ар тараптуу багыттары боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине ишендирип кетти.

Пикир

Оставить комментарий