• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тилим – менин тирегим” сынагы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Жаш акын-жазуучулардын арасында жарыяланган “Тилим – менин тирегим” сынагы жыйынтыкталды. Аталган сынак “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка республика боюнча жана чет өлкөдө жашаган 30 жашка чейинки 52 калемгер тилге арналган чыгармалары менен катышып, арасынан иргелген 36 автордун эмгеги калыстар тобуна купуя түрдө (автордун аты-жөнү жашырылып, номер коюлуп) тапшырылды.

Сынакты жыйынтыктоо иш-чарасы Жаштар ордосунда өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө КР КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Улуттук жазуучулар союзунун жана демөөрчүлөр – “Жаңы жүздөр” коомдук бирикмесинин, “Улуу тоолор” басмаканасынын жана “Жамгыр” басма үйүнүн сыйлыктары, баалуу белектери ыйгарылды.

Баш байге:

Элдияр уулу Элчибек “Жоголгон муун же кеткендердин балдары”;

1-орун

проза боюнча:

Бекболсун Молдояр уулу “Түрк карыянын баяны”;

поэзия боюнча:

Нурлан кызы Бегайым “Тил – улуттун жүрөгү”;

2-орун

проза боюнча:

Тагаев Шайырбек “Эне тилдин жеңиши”;

поэзия боюнча:

Абдиназар кызы Нургиза “Кыргыз тилим”;

3-орун

проза боюнча:

Зарылбек уулу Адилет “Сабак”;

поэзия боюнча:

Максат Жангазиев “Киргиздерге”;

Кызыктыруучу сыйлык:

Майрамбек Өмүрбаев “Жалын ”;

Беккелди уулу Билимбек “Жол боюнда ыр төккөн акын”;

Турдубек уулу Садырбек “Эне жана эне тил”;

Сарногой кызы Зухра “Кыргызча сүйлөшкүлө”;

Сейдалиева Асия “Эне тил”.

Пикир

Оставить комментарий