• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: АКШда кармалган синдикаттардын арасында Кыргызстандыктар жок

Дүйнө 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. АКШнын Нью-Йорк шаарында кармалган кылмышкер синдикаттардын арасында Кыргызстандыктар жок экенин ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

ЖМКларда чыккан маалыматка ылайык, АКШда 30дан ашык Shulaya Enterprise синдикат кылмышкерлери кармалган. Алардын басымдуусу постсоветтик өлкөдөн чыккан жарандар экени айтылган. Мындан улам Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиликтери тарабынан кармалгандардын арасында кыргыз жарандарынын бар жогун аныктоо боюнча маалыматтар чогултулган.

“Белгилүү болгондой, АКШнын Адилет министрлиги жана бул ишти карап жаткан АКШ прокурору кармалгандардын арасында кыргыз жарандары бар дегенге негиз жок экенин билдиришкен. Мындан тышкары Вена конвенциясына ылайык, кыргыз жараны сурала турган болсо, ал туурасында АКШ жана Канададагы кыргыз элчиликтерине кабар берилиш керектиги прокурорго маалым”,-деп жазылат маалыматта.

Кармалгандардын бирөөсү дагы АКШ жана Канададагы Кыргызстандын элчилигинин каттоосуна алынган эмес.

Пикир

Оставить комментарий