• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: Иранда жер титирөөдөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

Коом 0


Бишкек, 13.11.17./Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Алдын ала маалымат боюнча Иранда жер титирөөдөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү Иран менен Ирак чектешкен жерде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 129 адамга жетти,-деп Press TV телеканалы жергиликтүү ӨКМ кызматына таянып билдирет.

Мурда кырсыктын кесепетинен 100 адам каза болгондугу тууралуу айтылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий