• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Пакистан, Индиянын жарандарынын Кыргызстанга келүү тартиби иштелип чыгууда

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Пакистан, Индиянын жарандарынын Кыргызстанга келүү тартиби иштелип чыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин айрым ЖМКларда кээ бир өлкөлөрдүн жарандарына туристтик визаларды берүү токтотулгандыгы жарыяланган.

Ага байланыштуу ТИМ төмөнкүлөрдү билдирет: "Пакистан, Индия жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарынын Кыргыз Республикасына келүү процессин иретке келтирүү жана уюштуруу максатында, коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин эске алуу менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан бир катар чет мамлекеттердин жарандарынын өлкөгө кирүүсүн жана жүрүүсүн көзөмөлдөө үчүн эффективдүү алгоритмди иштеп чыгуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Аталган алгоритмде чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүнө чакыруучу тарап жоопкерчиликтүү болоору каралган.

Ошону менен бирге, "Электрондук виза" порталында Кыргыз Республикасынын визасын алуу үчүн арыз тапшыруу иш-чараларын өзгөртүү боюнча техникалык иштер жүргүзүлүп жатат - "Электрондук виза"» порталында арыз ээлери туристтик виза алуу үчүн өз алдынча кайрылуу процесси убактылуу токтотулду жана ишкердик визасын алуудагы шарттар сыяктуу, чакыруучу уюм тарабынан айрым чет өлкөлүк жарандарды чакыруунун негизинде туристтик виза алуу функциясы киргизилүүдө".

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу министрлик кошумча маалыматты берет.

Пикир

Оставить комментарий