• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көчмө КТБлар Баткендин чек ара аймактарынын жарандарын документтештирет

Коом 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-июлунан 22-сентябрына чейин үстүбүздөгү жылы кыргыз-тажик тилкесиндеги мамлекеттик чек арадагы окуялардан жапа чеккен жарандарды документтештирүү боюнча эки көчмө калкты тейлөө борбору (КТБ) иштейт. Бул тууралуу КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта КТБлар Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда иш алып барышат.

«Көчмө КТБлардын ишин жандандыруу демилгеси чек ара аймактарынын жашоочуларынын бардык зарыл болгон документтерди жеринде ыңгайлуу шарттарда калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында, ошондой эле, мамлекеттик санарип кызматтарды аралыктан алуу боюнча консультативдик жардам көрсөтүү» - дейт министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев.

Көчмө КТБларга туруктуу жашаган жерге каттоого туруу, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, жеке идентификациялык номер, «Балага Сүйүнчү», паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актылары боюнча башка документтерди алуу үчүн кайрылса болот.

Мобилдик калкты тейлөө борборлору паспорттоштуруу кызматын көрсөтүү үчүн бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган (сүрөткө тартуу, ксерокөчүрмө, планшет, биометрикалык маалыматтарды каттоо шаймандары, кассалар).

Мобилдик кичи автобустар жергиликтүү бийлик менен биргеликте жумасына эки күн: шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 11:00дөн 18:00 чейин графикке ылайык иштешет (иштөө графиги сүрөттө көрсөтүлгөн).

Пикир

Оставить комментарий