• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өзүнүн жанын кыйган

Коом 0

Бишкек, 17.04.19. /Кабар/. Өткөн жылы Кыргызстанда 88 өспүрүм өзүнүн жанын кыйган. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу азайган. Ал жылы 97 учур катталган.

"Суицид жасаган 88 өспүрүмдүн ичинен 34ү эркек баладар, 54ү кыздар болгон. Алардын 83ү мектеп окуучулары", - деди прокурор.

"Өлкө боюнча жогорку көрсөткүчтөр Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында болууда. Өзүнө өзү кол салуу фактыларын азайтуу максатында прокурорлор мектептерди кыдырып, окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Прокуратуранын бул багытта иштери уланууда”, - деп кошумчалады Жамшитов.

Пикир

Оставить комментарий