• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тоң районунун Кара-Коо айылындагы оорукана капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусунун эсебинен Тоң районунун Кара-Коо айылындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 50 орунга ылайыкташкан оорукана 1980-жылдары курулган. Медициналык мекеме курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

"Оорукананын абалы начар болуп, дарыгерлер менен бейтаптар үчүн шарттар дээрлик жок болчу. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду оорукананы оңдоо иштерин 2020-жылдын октябрь айында баштаган", - деп айтылат.

Фонддун билдирүүсүнө караганда, имараттын чатыры толугу менен оңдолуп, жаңы эшик-терезелер орнотулду. Ички желдетүү жана жылытуу иштери жаңыртылды. Иш бөлмөлөрү, бейтаптар жатуучу бөлмөлөр оңдоодон өттү.

Имаратты оңдоого жалпы 13 млн 584 миң сом сарпталат. Жакынкы күндөрү ондоо жумуштары толугу менен аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий