• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тогуз коргоолду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдө алгач эки критерийге туура келбей калган – Солтонгелдиева

Спорт 0

Бишкек, 25.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Тогуз коргоолду ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүүдө алгач эки критерийге туура келбей калган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева билдирди.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКО кыргыз элинин тогуз коргоол оюнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кошкон.

Солтонгелдиеванын айтымында, тогуз коргоол оюнун ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүү иштери 2019-жылы Түркия жана Казакстан өлкөлөрү менен биргеликте башталган.

"Бүт документтер англис жана француз тилинде жазылып, сүрөт, видео материалдар коштолгон. Аны 2019-жылы 31-мартта ЮНЕСКОнун Париждеги штабына тапшырганбыз. Бир жарым жыл аралыгында көз карандысыз эксперттер 42 номинацияны караган. Декабрь айында ЮНЕСКОнун 24 мүчөсү түшкөн номинацияларды сынакка алган. Бул комитеттин кароосу 14-декабрдан 19-декабрга чейин онлайн түрдө өттү. Белгилеп кетсек, эксперттер түшкөн материалдарды ЮНЕСКОнун маданий мурастардын тизмесине киргизүү үчүн 5 критерий менен карайт. Бирок тогуз коргоол эки критерийге туура келбей калды. Биз бир ай мамлекеттер менен ал эки критерийге татыктуу экенибизди далилдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Сүйлөшүү жүргүзгөн өлкөлөр тогуз коргоол оюну маданий мурастар номинациясына татыктуу деген баа берди", - дейт ал.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин айтымында, улуттук оюндар боюнча өзүбүздүн атайын мыйзамдарыбыз бар.

"Мыйзамга спорттун 11 түрү жазылса, биз дүйнөгө спорттун 5-6 улуттук түрү боюнча чыгып жатабыз. Алыш күрөш, кыргыз күрөш, тогуз коргоол, эр эңиш жана көк бөрү сыяктуу спорттун түрлөрү өлкөбүздү таанытып келет. Акыркы жылдары көчмөндөр оюндарын өткөрүп, бир катар салттуу оюндарыбызды дүйнөгө тааныта алдык", - деди ал.

Арпачиев белгилегендей, тогуз коргоол оюнун 2008-жылы мектеп программасына киргизүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий