• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоого 6 партия катышуу ниетин билдирди – тизме

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоого 6 саясий партия катышат. Бул тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесин каттоого 6 саясий партия билдирүү калтырды.

- «Эл биримдиги»;
- «Бирге-Вместе»;
- «Эмгек»;
- «Патриот ынтымагы»;
- «Асыл Мурас жаштары»;
- «Ата-Журт Кыргызстан»;

Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоо 2021-жылы 11-июлда өтөт.

Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Токмок шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий