• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКга шайлоо. Бишкектин Ленин районунда шайлоо участогу көчүрүлүшү мүмкүн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.04.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун алкагында Бишкектин Ленин районундагы №1013 шайлоо участогу башка жерге көчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков 2023-жылдын 28-майында жетинчи чакырылыштагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүнүн алкагында № 1013, 1045, № 1053 шайлоо комиссияларын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аппарат жетекчиси №1045 жана 1053 участкалык шайлоо участкаларына тышкы жана ички жарыктандырууну текшерүү, “Белек” маданий-көңүл ачуу борборунун имаратынын (№1053 УШК) ички жана сырткы эстетикалык көрүнүшүн ылайык келтирүү тапшырмаларын берди.

Ошондой эле жарандардын ыңгайлуулугу үчүн №1013 шайлоо участогун башка жерге көчүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды.

Эске салсак, "№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” КР президентинин жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий