• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын шайлоо башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.05.23. /Кабар/. Бүгүн, эртең мененки саат 08:00дө Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо башталды.

Ленин районунда 124 миң 908 шайлоочу бар. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат. Аталган округдан жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышууда.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырууну чечкен. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий