• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмокто унаа жөө өтмөктөн аялды үч баласы менен сүзүп кетти — видео

Кырсык 0


Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Чүйдүн Токмок шаарында унаа жөө өтмөктөн аялды үч баласы менен сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-майда саат 17:25те Ибрагимов көчөдөсүндө болуп, Toyota Sequoia үлгүдөгү унааны 76 жаштагы С.Б. аттуу жаран башкарып келе жаткан.

Жол кырсыгынан 20 жаштагы Ш.Е.Ю., 7 жаштагы А.Д.В., 2 жаштагы Ш.С.В жана 47 жаштагы Ш.Т. аттуу жарандар жабыркап, шаардык ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий