• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмоктогу атышуу: Депутат Самаев окуяга тиешеси жок экендигин айтууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмоктогу окуяга тиешеси жок экендигин билдирүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, Самаевди суракка чакырышкан. Бирок ал Токмоктогу чуулгандуу окуяга эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.

"Эгерде анын күнөөсү тастыкталса, анда министр тиешелүү чечим кабыл алат", - деп билдирди Самат Курманкулов.

Депутаттардын кимисинин "Чемпион" деген каймана аты бар деген суроого Курманбеков бул тууралуу билбей тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий