• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токой кызматынын директору: Ар бир министрликке көчөт отургузууга 1 гектардан жер бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ар бир министрликке көчөт отургузууга бир гектардан жер бөлүндү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн алкагында ар бир министрликке Боз-Бөлтөк участкасынан жалпы 21 гектар жер бөлүнүп берилди.

“Жалпы 20 мекеме экен, ар бирине 1 гектардай жер тийди. Бүгүнкү күндө министрликтер өздөрү барып көчөт отургузуп жатат. Күзгө чейин аны сугарып кароо милдеттерин моюндарына алып жатат. Азыр 20 мекемеден алтоосу төрт миңге жакын көчөт отургузду. Ушул ишемби дагы калган министрликтер ишке чыгуусу пландалууда”, - дейт ал.

Токой кызматынын директору мындай иштер жер-жерлерде дагы жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жыл — Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 12-мартында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштаган. Ага ылайык, жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий