• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Третьяков галереясынан Куинжинин чыгармасы уурдалды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Москвадагы Третьяков галереясынан Архип Куинжинин "Ай-Петри. Крым" сүрөтүн көрүүчүлөрдүн көзүнчө уурдап кетишти.

Картинанын уурдалганы тууралуу маалыматты Орусиянын Маданият министрлиги жана ИИМи тастыктады. Чыгарма көрүүчүлөрдүн көзүнчө уурдалганы айтылууда. Белгисиз киши өзүн музейдин кызматкери катары көрсөтүп, Куинжинин "Ай-Петри. Крым" сүрөтүн алкактан чыгарып алып качып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча жардамчысы аны галереянын алдында автоунаа менен күтүп турган.

Полиция галереянын имаратын курчоого алды, шектүүнүн фотороботу түзүлдү.

Былтыр октябрдан бери Третьяков галереясында сүрөтчү Архип Куинжинин көргөзмөсү өтүүдө. "Ай-Петри" картинасы Петербургдагы Орус музей фондусуна таандык. Анын кепилдендирилген наркы – 12 миллион рубль.

Орусиянын Маданият министрлиги сүрөттүн чет өлкөгө чыгарылып кетишинин алдын алуу үчүн аны уурдалган чыгармалардын тизмесине киргизди.

Былтыр май айында Третьяков галереясында көрүүчүлөрдүн бири Илья Репиндин "Иван Грозный жана анын уулу Иван" полотносуна зыян келтирип алган.

Пикир

Оставить комментарий