• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тротуарлар, жөө жүргүнчүлөргө арналган көпүрө. Бишкектин түштүгүндө тургундарга түзүлүп жаткан шарттар

Коом 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында курулуш иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда ишкана тарабынан жүргүзүлгөн төмөнкү иштер аяктады:

  • Абай көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүгүндө жөө адамдар өтүүчү жолго ирригация тутуму орнотулду жана асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү;
  • 11-кичирайондогу тротуарына асфальт-бетон аралашмасы төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө орнотулду;
  • Тыныстанов көчөсү 8/1 дареги боюнча турак үйлөргө алып барчу жолго 110 погон метр асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.

Ал эми учурда төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө:

  • Абай көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө арыктарды орнотуу иштери;
  • Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки аралыгында ирригация системасын орнотуу боюнча иштер;
  • Ахунбаев көчөсү боюнча Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин узундугу 1миң 250 погон метр, туурасы 3 метрди түзгөн тротуарды куруу иштери.

Пикир

Оставить комментарий