• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы карызды өз убагында төлөйбүз — президент Жапаров

Президент 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

«Тышкы карызды өз убагында төлөйбүз»

"Кыргыз мамлекети 2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 млн доллардан ылдый эмес карызды төлөйт. Мунун ичинен 75%ы тышкы карыз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыңкы 5 жыл катары менен туруктуу түрдө 35–40 млрд сомдун тегерегинде каражат жумшалат.

Мунун 50%ы Кытай Эл Республикасынын Эксим банкына төлөнөт. Консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 400–600 млрд сомго жеткирүүнүн максаты дагы ушул себептен. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат.

Нет описания.

2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, тышкы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин. Өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак болсо, мындан кийин карызды өз убагында, бир күн кечиктирбей төлөйбүз. Буга мамлекети - биздин күчү жетет. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында тышкы карыздын ИДПга карата көрсөткүчү АКШ, Грузия жана Арменияга салыштыр малуу туруктуу болуп саналат".

Пикир

Оставить комментарий