• 88.68
  • 95
  • 0.95

Япония Кыргызстанга 700 млн йен өлчөмүндө грант бөлөт. Каражат эмнеге жумшалат?

Президент 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 2023-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Алмашуу ноталарын жана КР министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жол-жобосун жүргүзүү болуп саналат.

Гранттык макулдашууда Баткен облусундагы автомобиль жолдорун тейлөө үчүн жол тейлөө жана жол куруу техникасын колдонуу менен авариялык-калыбына келтирүү жана реабилитациялык жумуштарды аткаруу потенциалын күчөтүү каралган.

Долбоордун алкагында 53 даана жол тейлөө жана жол куруу техникасын жана жабдууларды жана анын ичинде асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдор үчүн жабдууларды алып келүү каралган.

«Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу» долбоору Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол катмарын, ошондой эле эл аралык маанидеги автомобиль жолун камтыйт жана Баткен облусунун жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана эл аралык маанидеги магистралдарды куруу, капиталдык жана учурдагы оңдоп-түздөө, ошондой эле аларды күтүү боюнча курулуш аянтчаларда заманбап жол куруу техникасын, жабдууларды жана автотранспорт каражаттарын өз убагында жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

Гранттык макулдашуунун шарттарына ылайык, Япония өкмөтү КР министрлер кабинетине Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашуунун алкагында Япониянын мыйзамдарына ылайык 700 миллион япон йени (¥ 700000000) өлчөмүндө грант бөлөт.

Пикир

Оставить комментарий