• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

UFC 247 мелдешинде мушкер атаандашын 38 секундда нокаутка кетирди

Спорт 0


Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. 9-февраль күнү Хьюстон шаарында (Техас штаты, АКШ) UFC 247 мелдешинин алкагында бир катар кызыктуу беттештер өтүп, алардын бири Доминго Пиларте менен Жорни Ньюсондун беттеши болду. Бул тууралуу rsport.ria.ru жазат.

Ал беттеш 38 секундга созулган. Беттештин 38-секундасында Ньюсон атаандашына таамай сокку уруп, Пилартени жерге кулаткан. Андан кийин арка-аркасынан келген соккулардан Пиларте коргоно албай калган.

Бул Жорни Ньюсондун жетинчи жеңиши болду (3 жолу утулган). Ал эми Пиларте экинчи жолу жеңилүү ызасын тартып жатат (9 жолу жеңишке жеткен).

Пикир

Оставить комментарий