• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто коррупцияга шектелип бажычылар жана темир жол башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Ошто коррупцияга шектелип бажычылар жана темир жол башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен каралган кылмыш ишинин алкагында, Мамлекеттик бажы кызматынын "Достук" алдын ала бажы процедурасынын жеринин башчысы Н.А.Н., Ош темир жол башкармалыгынын башчысы К.Б.Ж. жана "Достук" алдын ала бажы процедурасынын жеринин кезектик башчысы Т.М.К. кармалды.

Такталгандай, жогорудагы адамдар "Достук" АБПЖ постунда алдын ала бажы процедурасынын жери аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу боюнча мыйзамсыз баюу максатында туруктуу коррупциялык схеманы уюштуркан.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий