• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Күрөөкана кызматын пайдаланып алдамчылык кылган фактылар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Күрөөкана уюмунун ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар, ошондой эле күрөөкананын кызматын пайдаланып алдамчылык кылган фактылар аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан күрөөканалардын алдамчылык жана ар кандай мыйзам бузуу фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле бул жаатта борбор калаанын калкына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, салыктарды төлөөдөн жашыруу жана күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү лицензиялык талаптарды бузуу фактылары, ошондой эле күрөөкананын кызматын пайдаланып алдамчылык кылган фактылар аныкталды.

КР УКМК тарабынан салыктарды төлөөнү жашыруу жана лицензиялык талаптарды бузуп фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз ишкердик же банк иши”) боюнча кылмыш иши козголдуп, анын алкагында Бишкек шаарындагы күрөөкана тармагынын директору “Д.А.Б.га” айып тагылды.

Мындан тышкары, КР ИИМнин ТОР-автоматташтырылган маалымат базасында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү деп каттодо турган мурда бир нече жолу соттолгон “Д.Р.Ж.” аттуу жарандын күрөөкана уюмуна күрөөгө коюлган мүлк менен ар кандай айла-амалдарды пайдаланып алдамчылык кылган фактылар аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде 2023-жылдын 28-декабрында “Д.Р.Ж.” кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул иштердин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК күрөөканалар тарабынан Кыргыз Республикасынын салык жана лицензиялык мыйзамдарын бузууга, ар кандай мыйзамсыз шарттарды түзүүгө жана мыйзамсыз киреше алуу максатында калкка насыянын пайызын негизсиз жогорулатууга жол берилбестигин, эгер мыйзам бузуулар аныкталса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий