• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук кийим жана жаңы жылдык белектер. Фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жаткан кыздын кыялы орундалды

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсызоо жана миграция министрлиги жаңы жыл алдында фостердик үй-бүлөлөрдү куттуктоону да унутта калтырган жок.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул ирет Аламүдүн районундагы фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жаткан кичинекей кыздын кыялы орундалды.

"Министр Гүлнара Баатырова ноябрда аталган үй-бүлөдөн кабар алган. Андагы тарбияланып жаткан жаш жеткинчектер министрден улуттук кийим алып берүүсүн өтүнүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Кичинекейлердин кыялы орундалып, министрликтин кызматкерлери жаңы жылдык белектерди жана кызга улуттук кийим жеткирип беришкен.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда бүгүнкү күндө фостердик үй-бүлөлөрдө 186 бала тарбияланууда.

Белгилей кетсек, фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир жарым өлчөмүндө каражат бөлөт.

Фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган.

Пикир

Оставить комментарий