• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алып кирип жана Өзбекстандын аймагына алып чыгып жүргөн кыргыз жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

5-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында Р.С.Г. аттуу кыргыз жараны тарабынан 9600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарылары ыктыярдуу түрдө берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 6-июлда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. жашаган дарегинде - Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды.

Келтирилген зыяндын суммасы 5 млн 867 миң сомдун тегерегин түздү.

Белгилей кетсек, жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстандын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксаат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында Г.И.Н. Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий