• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын президенти менен Ирандын элчиси кызматташтыкты талкуулашты

Президент 0


Бишкек. 07.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегарини кабыл алды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысы элчиден ишеним грамотаны кабыл алып, дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы саясий байланыш достуктун жана ишенимдин негизинде өнүгүп жатканын белгиледи. Кыргыз тарап өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө саясий диалогду жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү колдойт.

Президент Кыргызстан Иран менен эки тараптуу кызматташтыкта соода-экономикалык жана инвестициялык багыттарга басым жасоо менен кызыкдар экенин баса белгилеп, бул боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын олуттуу ролун айтты. Ушуга байланыштуу, аталган комиссиянын кезектеги отурумун ушул жылы Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Учурдан пайдаланып, президент элчини 3 күн мурун ШКУнун саммитинде жарыяланган – Иранды ШКУнун толук кандуу мүчөсү статусун алышы менен куттуктады. Садыр Жапаров Иран ШКУда мүчө мамлекет катары башка мамлекеттердин ортосундагы достукту жана өнөктөштүктү чыңдоого өз салымын кошот, деп белгиледи.

Маданият жана билим берүү жаатында кызматташтык боюнча айтып жатып, Садыр Жапаров кыргыз тарап маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Буга байланыштуу президент маданият күндөрүн, илимий конференцияларды, тарыхый-маданий көргөзмөлөрдү, фестивалдарды демилгелеп, ошондой эле илимий чөйрө ортосундагы түз байланышты кеңейтүүнү сунуштады.

Иран дипломаты Кыргызстандын Ирандын ШКУнун толук укуктуу мүчөсү болушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Иран тараптын Уюмдун алкагында кыргыз тарап менен өнөктөштүктү алга жылдырууга даярдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, Элчи Иран тарап экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, бүгүнкү күндө бул маселеде потенциал толук ачыла электигин белгиледи. Буга байланыштуу Иран кыргыз-иран өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде айыл чарба продукциясын импорттоо жана экспорттоо, транспорт, жаңы технологиялар, туризм, тоо-кен өнөр жайы, отун-энергетикалык ресурстар жана экономиканын башка тармактарында кызматташууну бөлүп айтты.

Жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий