• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: мектепти “миналаган” телефондук "террорист" кармалды

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Мектепти “миналаган” “телефондук” террорист кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 1-мартта саат 15:26 да Ысык-Ата райондук Ички иштер органынын күзөт бөлүмүнө Ысык-Ата райондук Кең-Булуң айылындагы О.Ляйлиева атындагы мектептин сакчысы чалып, окуу мекемесинин айланасына жарылуучу зат коюлушу мүмкүн экенин билдирген.

Окуя болгон жерге УКМК жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери барышкан. Мектепти жана анын айлана-тегерегин текшерүүнүн жүрүшүндө жарылуучу зат же шектүү буюм табылган эмес, андан кийин окуу процесси кайра башталган.

Ошол эле күнү УКМК жана ИИМдин биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде Ысык-Ата районунун жашоочусу 1969-жылы туулган “Ж.Э.” кармалган.

“Ж.Э.” мектептин сакчысы болуп иштеген тууганын ойнотуу үчүн ушундай кадамга барганы аныкталган.

Азыркы учурда тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий