• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Милиция кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билдиргендей, алар 30-май күнү колго түшүрүлгөн.

"30-май күнү УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй облусунда, 12 калибрдеги кесилген мылтык жана ок-дарылар, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук ИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй облусунун ИИББнин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. кармалган", - деп билдирет УКМК.

Кармоо учурунда К.К өзүнүн ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүү аракетин кылып, жыйынтыгында аны кармап жаткан топтун автоунааларынын бири менен сүзүшкөн.

Аныкталган боюнча, кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. болгон. Алар товарларды дүңүнөн жана чекене саткан жеке ишкерлерди жана коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (божомолдор боюнча 5 млн. доллар өлчөмүндө) аткезчилик жол менен ташыган адамдарга кол салууну пландап жатышкан.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренеси боюнча катталган.

Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий