• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Мурдагы министр Талантбек Батыралиевге кылмышка шектүү деген билдирме берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурунку Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришкен.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Т.Батыралиевге КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык 320-беренесинин 4-бөлүмү жана 322-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2 пункту боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди.

Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы түзгөн актысына ылайык, Т.Батыралиев 2014-2018 жылдар аралыгында КР саламаттык сактоо министри кызматында туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп, 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ методу менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн.сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий