• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылгандыгы боюнча маалыматын төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясатчы Р.Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду деген билдирүүсүнүн жалган экенидигин маалымдайт.

"Белгилей кетүүчү нерсе, Р.Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда, саясатчы Р.Жээнбеков Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматыынын №1 тергөө камак жайында камакта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда.

Пикир

Оставить комментарий