• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК төрагасы Бишкектеги №21 мектеп-интернатынын жамаатын жана окуучуларын Жаңы жылы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева менен биргеликте Бишкектеги угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМКнын башчысы аталган мекеменин жалпы жамаатты жана окуучуларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына бекем ден соолук каалады. Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы жылдык программаны көрсөтүштү.

Жолугушуунун аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

"№21 мектеп-интернатынын жетекчилиги колдоо көрсөткөндүгү жана белектери үчүн Камчыбек Ташиевдин жеке өзүнө жана УКМКнын жалпы кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий