• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекетке 1,8 млн сом зыян келтирилген. «Унаа» мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмүнүн адиси А.М.М. УКМК Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча КБР АМС катталган кылмыш ишинин алкагында кармалды.

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн «Лексус GX-470» үлгүсүндөгү унаага Россиядан келген делген жасалма документтердин негизинде автотранспорт каражатына каттоо күбөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номеринн каттап бергендиги аныкталды, натыйжада мамлекетке 1 млн 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

2022-жылдын 24-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык башкармалыгынын адиси А.М.М. КР кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий