• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тергеп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизацияланышкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий