• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКда кызматтык-аскердик тартипти чыңдоо боюнча офицерлердин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта УКМК жыйындар залында аталган комитеттин кызматкерлеринин арасында кызматтык жана аскердик тартипти чыңдоо маселелери боюнча офицерлердин жыйыны өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

ыйынга УКМКнын жетекчилиги, борбордук аппаратынын башкармалыгынын жетекчилери жана аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары катышты. Анын жүрүшүндө УКМКнын бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык жагдай, кызматтык, аскердик жана аткаруучулук тартипти өркүндөтүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле жыйында эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, УКМКнын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ведомстволук актылардын жана коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык стандарттардын талаптарын системалуу түрдө изилдөө жана сактоо зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берилди.

Пикир

Оставить комментарий