• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКО-2019: Тогуз-коргоол боюнча мелдеш башталды. Байге фонду 100 миң сом

Спорт 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндө оюндарынын алкагында тогуз-коргоол боюнча мелдеш башталды.

Тогуз-коргоол боюнча Кыргызстандын улуттук курамдын машыктыруучусу Нурия Султанмуратованын айтымында, мелдешке жалпы жонунан 36 адам тандалып алынган.

"Ар бир облустан эркектер жана кыздар арасынан эң күчтүү делген 2 спортчу тандалып алынган. Алардын баары мелдештин жүрүшүндө биринчи орун үчүн акылын сынашат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт", - дейт машыктыруучу.

Султанмуратова белгилегендей, мелдешке жаш куракка чектөө болгондуктан Чүй облусунун мыкты спортчусу Сыргак уулу Сырттан катыша албай калган. Сыргак уулу тогуз-коргоол боюнча дүйнө жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталган.

"Сыргак уулу Сырттан эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атын чыгарып келет. Бул оюндарга 18 жаштан жогору болгондор катыша алат, Сырттан 17 жашта. Ошондой эле, оюндарга дүйнө жана Азия чемпиондору катышууда", - деди Султанмуратова.

Пикир

Оставить комментарий