• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Украина: Бүгүн Владимир Зеленскийдин инаугурациясы өтөт

Дүйнө 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Украианын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленскийдин инаугурациясы бүгүн өтөт. Бул тууралуу BBC жазат.

Инаугурацияны 20-майда өткөрүү чечимин өткөн жумада Жогорку Рада – Украинанын парламенти – кабыл алган.

"Көптөгөн юристтердин пикири боюнча, инаугурацияны 20-майга белгилөө Владимир Зеленскийге президенттик кызматынын биринчи жумасында эле парламентти таратып, мөөнөтсүз шайлоону белгилөөгө мүмкүндүк берет", - деп жазат BBC.

Ал жазгандай, Зеленский кызматка 19-майда киришүүнү каалаган. Бирок, Жогорку Рада анын сунушун колдогон эмес.

Белгилей кетсек, Украинада эки тур менен өткөн президенттик шайлоодо Владимир Зеленский утуп чыккан. Ага учурдагы президент Петр Порошенко атаандаштык кылган.

Шайлоонун биринчи туру 31-мартта, ал эми экинчи айлампа 21-апрелде өткөн.

Пикир

Оставить комментарий