• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Украина менен өз ара соода жүгүртүү соода-экономикалык баланска таасир этпейт - Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Украина менен өз ара соода жүгүртүү соода-экономикалык балансыбызга таасир этпейт. Бул тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, адатта чектөөлөр киргизилгенде же форс-мажордук жагдайлар болгондо, бул соода-экономикалык баланска таасирин тийгизет.

"Бирок жалпысынан Украина менен өз ара соода биздин соода балансыбызга эч кандай таасир этпейт. Ал жактан, мисалы, тооктун эти алынып келинет. Бирок, быйыл импорт ата мекендик өндүрүшкө алмашат", - деди министр.

Амангелдиев ошондой эле өлкөбүздө канаттуулардын этин кайра иштетүүчү 3 ишкана бар экенин, мындан тышкары Токмокто дагы бир ири завод курулуп жатканын кошумчалады. "Ошентип, биздин соода-экономикалык балансыбыз бузулбайт", - деп ишендирди ал.

Пикир

Оставить комментарий