• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Украинада согуштук аракеттер башталгандан тартып 559 кыргызстандык эвакуацияланды – элчи

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. 10-март саат 21:00гө карата Украинада согуштук аракеттер башталган тарта 559 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Индрис Кадыркулов Facebook`тагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, белгилүү болгондой мындан мурда КРнын 680 жараны консулдук эсепте турган болсо, учурда элчиликтен жардам алууну каалагандар көбөйүүдө.

Дипломат Украинанын аймагында 93 жаран калганын белгиледи. 8-мартка карата кезектеги эвакуациядан кийин 71 жаран калган, бирок акыркы 2 күндө дагы 22 жаран жардам сурап кайрылды.

Мурда көрсөтүлгөндөй, согуш жүрүп жаткан аймактарда калгандардын саны:

-Николаевск облусунда - 10 адам;

-Киев облусу, Борзель шаарчасында - 3 адам (1 үй-бүлө);

-Житомирск облусу, Панасивка айылында – 3 адам;

- Харьков шаарында – 6 адам (бары баш тартышты);

- Киев шаарында – 9 адам (бары баш тартышты).

“Алардын айрымдары менен электр энергиясы өчүрүлүп, телефон байланышы үзгүлтүккө учурагандыктан, байланыш туруксуз. Жарандардын бул тобу гуманитардык коридорлор аркылуу эвакуацияланат деп күтүлүүдө, аларды уюштуруу украин тарап менен талкууланууда.

Анын ичинен 25%га жакыны Кыргызстандын резидент эместери (үй-бүлө мүчөлөрү жана КРдин мурдагы жарандары). Бул топтогу адамдардын көбү Украинанын жарандыгын алып, бирок Кыргызстандын жарандыгынан чыга электиги эч кимге жашыруун эмес, буга байланыштуу аларда мөөнөтү өтүп кеткен Кыргыз Республикасынын ички паспорттору дагы эле бар”, — деп жазган ал.

Анын айтымында, жалпы аскердик мобилизацияны жана 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин Украинадан чыгуусуна тыюу салынганын эске алып, жарандар өлкөдөн чыгуу үчүн эски Кыргыз Республикасынын паспортторун (ID) колдоно башташкан, анткени алар КР жарандыгынан расмий түрдө чыгуудан баш тартышкан.

“Белгилей кетүүчү жагдай, калган 93 адамдын 50%ы түрдүү себептер менен эвакуациядан баш тартышты (үй-бүлөлүк, турмуш шарттык, ишкердик ишмердүүлү, туугандарынын ден соолугунун абалынын начарлыгына жана башка). Одессада жашап, иштеп жүргөн 6 жаран кызматтык жана коммерциялык себептер боюнча шаарды таштап кетүүдөн баш тартышты.

Полшага согуш аймактарынан чыгарылган биздин жарандарыбыз тынчыраак аймактарда бизнесин улантуу үчүн аларды Украинанын аймагына кайтарып берүү өтүнүчү менен бизге кайрылган бир нече фактылар бар”, - деди ал.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Украина-Польша чек арасындагы качкындардын арасында эл аралык издөөдө жүргөн адамдар аныкталган. Ошол эле учурда алардын бири Польшанын полициясы тарабынан кармалып, бирөө Украинанын аймагына кайтарылган.

“Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин ишмердүүлүгүн каралоо максатында атайылап жалган маалыматтарды таратып, муну менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын ишине кыйынчылыктарды келтирип жаткан айрым жарандарынын деструктивдүү аракеттерин белгилебей кете албайм”, - деп жазган Кадыркулов.

Белгиленгендей, элчилик күнү-түнү күчөтүлгөн режимде өз функцияларын толугу менен аткарууда. Кызматкерлер юридикалык, маалыматтык жана консультациялык жардам жана консулдук иш-аракеттерди көрсөтүү үчүн жарандар менен туруктуу байланышта болушууда.

Пикир

Оставить комментарий