• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Улутман” партиясы Сазыкбай Турдумалиевди президенттикке талапкер катары көрсөттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь күнү Сазыкбай Турдумалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Турдумалиев 1954-жылы 28-августта төрөлгөн. Ал “Комплекстүү камсыздоо борборунун” башкы директору.

Анын президенттикке талапкерлигин “Улутман”саясий партиясы көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 7 талапкер - Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов жана Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Абдыкаар Сыдыковдор Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий