• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жаңы эки корпус салынууда

Коом 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда клиникалык-диагностикалык жана органдарды алмаштыруу менен гематология бөлүмдөрү салынууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Капсула салуу иш-чарасына КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана “Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фондунун төрагасы Мухаммад Аль-Шайя жана оорукананын жамааты катышты.

“Куруу иштери аяктагандан кийин клиникалык-диагностикалык бөлүм өзүнчө имаратта жайгашып, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн жакшы шарт түзүлөт. Органдарды алмаштыруу менен гематология бөлүмү бүткөндө биздин өлкөдө алгач сөөк мээсин алмаштыруу боюнча операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк пайда болот. Биздин балдар жана энелер үчүн көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн биздин демөөрчүлөргө чоң ыраазычылык билдиребиз”, - деди Боронов.

Органдарды алмаштыруу менен гематология бөлүмүндө эки операциялык блок, кайра жандандыруу бөлүмү жана бейтаптар үчүн бөлмөлөр болот.

Аталган эки корпус 2020-жылы пайдаланууга берилет. Алардын баасы болжол менен 198 млн. 800 миң сомду түзөт. Имараттар Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балансына өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий